Башкы бетке Коом «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт

«Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт

0
169

Президенттин «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт.

Бүгүн сынактын жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйын өтүп, анда комиссия мүчөлөрү материалдарды калыс баалоого шарт түзүлүп, басым-кысым болбогонун белгилешкен.

Аталган сыйлык журналисттер үчүн президент тарабынан негизделген. Быйыл биринчи жолу өтүп жатат. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

«Мейкин» сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 млн сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 млн сомдон сый акы каралган.

Мурунку макалаЭкология министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырды
Кийинки макалаТурдакун Сыдыков ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ кеңешинин отурумуна катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз