Башкы бетке Рубрикасы жок Кара-Сууда заманбап фонтан ачылды

Кара-Сууда заманбап фонтан ачылды

0
1012

Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы сейил багында фонтан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, былтыр облус жетекчиси Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна жумушчу сапары менен барып, аталган парктын абалы менен таанышкан. Анда ал заманбап фонтандын курулушунун каражатын толугу менен бөлүп берүү ниетин билдирип, долбоорду даярдоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырган.

Ошентип, облус жетекчисинин колдоосу менен өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, 2023-жылдын август айында тендер жарыяланып, 5 млн. 610 миң сомдук эки тараптуу келишим түзүлгөн.

Бул каражатка фонтандын курулушунан тышкары, тротуар жана жарыктандыруу иштери бүткөрүлүп, «Кара-Суу» инсталляциясы орнотулду.

Мурунку макалаКыргыз-кытай чек арасына жакын аймакта жер титиреди
Кийинки макалаБүгүн Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз