Башкы бетке Коом Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт

0
1545

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Байтик баатыр – Элебаев – Кулатов көчөлөрү, Геологиялык чолок көчөсү – Лев Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) – Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен жерде суу берүү өчүрүлөт.

Бул убакта “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Мурунку макалаКара-Сууда заманбап фонтан ачылды
Кийинки макалаПрезидент башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз