Башкы бетке Рубрикасы жок Бакыт Төрөбаев Ош жана Жалал-Абад эли менен жолугат

Бакыт Төрөбаев Ош жана Жалал-Абад эли менен жолугат

0
674

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Ош жана Жалал-Абад облусуна МинКабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барат.

Алдыда Ош облусундагы белгиленген жолугушуунун өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат:

— Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуу Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө 5-августта саат 10:00гө коюлду;
— Алай районундагы жолугушуу 5-августта саат 15:00дө маданият үйүндө өтөт;
— Кара-Кулжа районундагы эл менен жолугушуу 6-августта Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө болот;
— Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу 6-августта саат 16:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында башталат;
— Ноокат районундагы жолугушуу 7-августта райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 10:00гө белгиленди;
— Араван районундагы жолугушуу 7-август күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 15:00дө өтөт;
— Кара-Суу районундагы жолугушуу 8-августта саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулат;
— Ош шаарындагы жолугушуу 7-августта 18:00дө С.Ибраимов атындагы драмалык театрында өтөт.

Жалал-Абад облусундагы жолугушуулар өткөрүлө турган даректер:
— Токтогул районундагы жолугушуу 12-августта А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө 10:00дө башталат;
— Кара-Көл шаарындагы жолугушуу 12-августта 16:00дө Энергетик атындагы маданият үйүндө болот;
— Таш-Көмүр шаарындагы жолугушуу 13-августта саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө өтөт;
— Аксы району боюнча жолугушуу 13-августта Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө 16:00дө башталат;
— Чаткал районундагы жолугушуу 14-августта 09:00дө Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө уюштурулат;
— Ала-Бука районундагы жолугушуу 14-августта Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 16:00дө башталат;
— Майлуу-Суу шаарындагы жолугушуу 15-августта шаардык маданият үйүндө 10:00гө белгиленди;
— Ноокен районундагы жолугушуу 15-августта 15:00дө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
— Базар-Коргон районундагы жолугушуу 16-августта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10:00дө болот;
— Сузак районундагы жолугушуу 16-августта 15:00дө Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
— Жалал-Абад шаарындагы жолугушуу 17-августта облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.

Мурунку макалаАдылбек Касымалиев Талас облусунун тургундары менен жолугат
Кийинки макалаКыргызстан жана Түркмөнстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз