Башкы бетке Коом Кыргызстан жана Түркмөнстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү

Кыргызстан жана Түркмөнстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү

0
644

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМден билдиришкендей, түркмөн тараптан демилгеленген сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин, биринчи кезекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча үстүбүздөгү жылдын 24-25-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын алтынчы жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Аймактык коопсуздук жана эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар алдыга коюлган пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз байланыштарды жана бардык деңгээлдеги активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты

Мурунку макалаБакыт Төрөбаев Ош жана Жалал-Абад эли менен жолугат
Кийинки макалаА.Касымалиев Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жолугушууларды өткөрөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз