Башкы бетке Рубрикасы жок А.Касымалиев Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жолугушууларды өткөрөт

А.Касымалиев Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жолугушууларды өткөрөт

0
638

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарына МинКабдын төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев барат.

Алдыда Чүй облусундагы белгиленген жолугушуулардын өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат:
— Кемин району боюнча жолугушуу 19-августта саат 10:00дө Кемин шаардык маданият үйүндө болот;
— Токмок шаары, Чүй району боюнча жолугушуу 19-августта саат 15:00дө Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында өтөт;
— Ысык-Ата району боюнча жолугушуу 20-августта саат 10:00дө Кант шаардык маданият үйүндө уюштурулат;
— Аламүдүн району боюнча жолугушуу 20-августта саат 15:00дө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
— Сокулук району боюнча жолугушуу 21-августта 10:00дө Шопоков шаардык маданият үйүндө өтөт;
— Москва району боюнча жолугушуу 21-августта 15:00дө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болот;
— Жайыл району, Кара-Балта шаары боюнча жолугушуу 22-августта саат 10:00дө Кара-Балта шаардык маданият үйүндө өтөт;
— Панфилов району боюнча жолугушуу 22-августта 15:00дө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында башталат;
— Бишкек шаары боюнча жолугушуу 2-августта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 10:00гө белгиленди.

Нарын облусу боюнча уюштурула турган жолугушуунун даректери жана убактысы:
— Кочкор районундагы жолугушуу 5-августта Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө 10:00дө өтөт;
— Жумгал району боюнча жолугушуу 5-августта Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатрында 15:00дө башталат;
— Нарын шаары жана Нарын району боюнча жолугушуу 6-августта Нарын шаарындагы облустук драма театрында 10:00дө болот;
— Ат-Башы району боюнча жолугушуу 6-августта 15:00дө “Чатыр-Көл” кинотеатрында өтөт;
— Ак-Талаа району боюнча жолугушуу 7-августта 10:00дө Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө уюштурулат;
— Тогуз-Торо району боюнча жолугушуу 8-августта 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.

Ысык-Көл облусу боюнча өтө турган жолугушуулардын дареги жана убактысы:
— Балыкчы шаары боюнча жолугушуу 9-августта саат 10:00дө Э.Дубанаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында өтөт;
— Ысык-Көл району боюнча жолугушуу 9-августта саат 15:00дө Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында болот;
— Түп району боюнча жолугушуу 12-августта Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө башталат;
— Каракол шаары, Ак-Суу району боюнча жолугушуу 12-августта саат 15:00дө Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театрынын жыйындар залында өтөт;
— Жети-Өгүз району боюнча жолугушуу 13-августта Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө уюштурулат;
— Тоң району боюнча жолугушуу 13-августта саат 15:00дө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Мурунку макалаКыргызстан жана Түркмөнстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү
Кийинки макалаУлуттук банк валюта рыногунан 48,1 млн. доллар сатып алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз