Башкы бетке Рубрикасы жок А.Касымалиев Гонконгдо «HSBC» холдингинин өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

А.Касымалиев Гонконгдо «HSBC» холдингинин өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

0
29

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Гонконгдогу “HSBC” (The Hongkong and Shanghai Banking Corporation) башкаруучу директору жана аппаратынын жетекчиси Дэниел Дрю менен жолугукту.

Министрлер кабинетинин төрагасы дүйнөдөгү алдыңкы каржы институттарынын бири болгон “HSBC” менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана кыргыз банктары алар менен корреспонденттик байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Дэниел Дрю, “HSBC” Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана Кыргызстан менен кызматташуу үчүн чоң потенциалды көрүп жатканын белгиледи.

Жолугушуу Кыргызстан менен “HSBC” ортосундагы мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулоо менен аяктады.

 

Мурунку макалаНурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрттү
Кийинки макалаМектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилик орундарына сынак жарыяланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз