Башкы бетке Дүйнө Казакстанда бала бакчада балдар ууланды

Казакстанда бала бакчада балдар ууланды

0
1393

Казакстандын Туркестан облусундагы менчик бала бакчада балдар тамак-ашка жапырт ууланды. Бул тууралуу Кhabar.kz кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча, эки жана үч жаштагы 34 бөбөк ууланган. Алардын көбү биринчи медициналык жардам алган соң, үйүнө кеткен. Ал эми ооруканада үч бөбөк калды. Дарыгерлер бейтаптардын абалын туруктуу деп билдиришүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бала бакчада балдарга эртең менен ботко, түштө шорпо берилген. Тамактангандан кийин бөбөктөрдүн абалы начарлап, кусуп, алсырап, баштары айлана баштаганда тез жардам чакырылган. Учурда санитардык дарыгерлер мектепке чейинки мекемедеги жапырт уулануунун себебин аныктоо үчүн лаборатордук изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.

Мурунку макалаБишкектиктерге таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктар таратылды
Кийинки макалаУлуттук банк эскертет. Сак болуңуздар!

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз