Башкы бетке Коом Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

0
2081

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №100 орто мектепте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга Октябрь районунун башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Тарых институтунун жетекчилери, профессорлор, кафедра башчылары жана тарых илимдеринин кандидаттары катышты.

Катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы оңой болбогонун, маданий баалуулуктарын, эне тилин жана даңктуу тарыхын сактап калуу менен эл көп кыйынчылыктарды башынан кечиргенин баса белгилешти.

Мурунку макалаБаткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат
Кийинки макалаБишкек мэриясында кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз