Башкы бетке Рубрикасы жок Транспорт министри Раззаков шаарын айланып өткөн жолдун курулушун тездетүүнү тапшырды

Транспорт министри Раззаков шаарын айланып өткөн жолдун курулушун тездетүүнү тапшырды

0
367

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун жолдорун кыдыруунун жүрүшүндө Раззаков шаарындагы айланма жолго барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда аталган тилкеде жер иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, эл аралык маанидеги Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Раззаков шаарын айланып өткөн 6,2 чакырым аралыгын куруу иштери 2022-жылы башталган. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан 4 чакырымы бүткөрүлгөн соң каттам ачылып, пайдаланууга берилген.

Абсаттар Сыргабаев жолчулар менен баарлашып, жетекчилердин маалымат уккан соң апта аягына чейин асфальт төшөө иштерин баштап, жумуш темпин тездетүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле ал Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолунун Бели-Сынык тилкесине токтоп, жолдун деңгээлин ылдыйлатуу иштери менен таанышты.

Мурунку макалаМундуз айылындагы 94 млн. сомдук мектептин курулушу аяктап калды
Кийинки макалаСадыр Жапаров «Ата-Бейиттин» сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганына байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз