Башкы бетке Коом Мундуз айылындагы 94 млн. сомдук мектептин курулушу аяктап калды

Мундуз айылындагы 94 млн. сомдук мектептин курулушу аяктап калды

0
413

Аксы районунун Мундуз айылындагы С.Жээнбаев атындагы №22 мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча мектепте эки кабаттуу окуу корпус («А» жана «Б» блоктору) , өтмө галерея, спорттук зал куруу каралган. Жалпы аянты 1063 чарчы метрди түзөт. Объекттин наркы 94 млн. сомду түзөт.

«Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 88 пайыздык жумушу бүткөрүлдү. Учурда билим берүү уясынын ички жумуштары аткарылып, айланасын көрктөндүрүү иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, курулуш-монтаждоо иштери “Снайпер” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Мурунку макалаДепутат Ч.Айдарбеков «Өнүгүү лидерлеринин форуму-2024. Интеллектуалдык лидерлик» аттуу форумдун ачылышына катышты
Кийинки макалаТранспорт министри Раззаков шаарын айланып өткөн жолдун курулушун тездетүүнү тапшырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз