Башкы бетке Коом Бишкек мэриясында кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү

Бишкек мэриясында кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү

0
2046

Бишкек мэриясында кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 

Жыйынга калаа башчысы Айбек Жунушалиев, мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаары боюнча салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, ошондой эле ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Штабдын жүрүшүндө Бишкек шаарынын пландалган кирешелеринин аткарылышы боюнча отчет угулду.

Борбор калаа башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө бюджеттин киреше бөлүгү артыкчылыктуу болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга пландалган кирешелердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактардын субъекттерин кайра каттоо боюнча иштерди активдештирүү тапшырмасы берилди.

Мурунку макалаКара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү
Кийинки макала“Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз