Башкы бетке Илим Кыргызстандын тайбокс курамасы Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңди

Кыргызстандын тайбокс курамасы Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңди

0
471

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5 медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт депеартаментинен билдиришкендей, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль.

Кыз-келиндер арасында Аделя Асылбек кызы (60 кг) жана Милана Шихшабекова (51 кг) алтын мелдалга ээ болушса, Орозбекова Махабат 67 кг чейинки салмакта 2-орунду ээлеген. Ошондой эле Шарипа Мунарбек кызы 45 кг чейинки салмак категориясында коло медалды утуп алган.

Ал эми эркектер арасында Ихтияр Каныметов 63,5 кг чейинки салмакта 3-орунга ээ болгон.

Эске салсак, аталган мелдеш 14-18-август күндөрү өтүп, ага курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.

Мурунку макалаАрсланбек Эгембердиев ЖКга депутат болуп келди
Кийинки макалаКыргызстанда маймыл чечеги катталган жок

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз