Башкы бетке Коом Бишкекте «Баткен жоокерлери» монументине гүлчамбар коюлду

Бишкекте «Баткен жоокерлери» монументине гүлчамбар коюлду

0
378

Бишкекте 1999-2000-жылдары эл аралык бандиттик түзүмдөрдү жоюу боюнча аскердик милдетин аткарууда курман болгондорго арналган “Баткен жоокерлери» монументине гүлчамбар коюлду.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Бактыбек Бекболотов, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруу органдарынын өздүк курамы, Баткен жоокерлеринин Республикалык кеңешинин, Республикалык Баткен жоокерлери комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларынын туугандары жана үй-бүлөсү катышты.

Иш-чара Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында митинг-реквием менен уланып, курман болгондордун элесине үч жолу ок атылды.

Мурунку макалаАдылбек Касымалиев: «Дүйнөлүк банк биздин негизги өнөктөшүбүз»
Кийинки макалаЖогорку Кеңештин депутаттары Пекин шаарында өткөн симпозиумга катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз