Башкы бетке Рубрикасы жок Жогорку Кеңештин депутаттары Пекин шаарында өткөн симпозиумга катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Пекин шаарында өткөн симпозиумга катышты

0
378

Жогорку Кеңештин депутаттары Айсаракан Абдибаева, Гуля Кожокулова, Султанбай Айжигитов жана Бактыяр Калпаев Пекин шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин парламент депутаттарынын катышуусу менен өткөн Кытай Коммунистик партиясынын 3 күндүк симпозиумуна катышты.

Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү симпозиумга Кытайга иш сапарынын алкагында катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, анын ичинде парламенттер аралык жана партиялар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Муну менен катар парламенттер жана партиялар ортосундагы тыгыз алака калыптанган кызматташтыкты кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин билдирип, өнүктөштүктү өрчүтүүгө багытталган сунуштары менен бөлүшүштү.

Мурунку макалаБишкекте «Баткен жоокерлери» монументине гүлчамбар коюлду
Кийинки макалаБишкектин айрым жерлеринде жылуулук убактылуу өчүрүлөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз