Башкы бетке Илим Күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт

Күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт

0
1520

Бишкекте 19-21-апрель күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт.

Мелдеште быйыл Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Турнирге чет өлкөлүк спортчуларга тең тайлаша кыргызстандык балбандар да катышат.

Килемге биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча балбандар чыкмакчы.

Алар алты олимпиадалык салмак категориясында күч сынашат: 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг.

Кыргызстандын намысын коргоп, Олимпиадага катышуу үчүн жолдомо алууга төмөнкү балбандар күрөшөт:
– Бекзат Алмаз уулу (57 кг);
– Эрназар Акматалиев (65 кг);
– Орозбек Токтомамбетов (74 кг);
– Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
– Андрей Аронов (97 кг);
– Айаал Лазарев (125 кг).

Мурунку макалаА.Жапаров АКШда бир катар каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушту
Кийинки макалаБаткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз