Башкы бетке Коом Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы кызматына бекитилди

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы кызматына бекитилди

0
1225

Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитети Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына бекитти.

Аталган комитеттин төрагасы Данияр Төлөнөв белгилегендей, бул күн тартибиндеги абдан маанилүү маселе, анткени өлкөнүн Улуттук банкы төрагасыз көпкө калбашы керек.

Комитет көпчүлүк добуш менен Тургунбаевдин жаңы кызматка талапкерлигин жактырды.

Мындан ары Тургунбаевдин бул кызматка талапкерлиги Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралат.

Мелис Тургунбаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган.
• 2002-жылы — Финансы министрлигинде жетектөөчү адиси;
• 2006-2008-жылдары — “Газпром нефть Азия” ЖЧКнын маркетинг жана реклама бөлүмүнүн жетекчиси;
• 2008-2015-жылдары — “Газпром нефть Азия” ЖЧКнын рынокту анализдөө жана баа түзүү бөлүмүнүн жетекчиси;
• 2013-2017-жылдары — “Кыргызнефтегаз” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү;
• 2017-2020-жылдары — “Кыргызнефтегаз” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы;
• 2020-жылы “Кыргызнефтегаз” ААК башкармалыгынын төрагасы;
• 2023-жылдын мартынан тартып — жаратылыш, экология жана технгикалык өзөмөл министри.

Мурунку макалаЯпония Баткендеги жолдорду жакшыртуу үчүн акысыз негизде 48 техника берет
Кийинки макалаОш жана Санкт-Петербург шаарлары санариптик өнүктүрүү тажрыйбалары менен бөлүшөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз