Башкы бетке Министрлер кабинети Каракчылар 2 жаранга кол салып, 300 миң доллар жана 56 млн. сом алып...

Каракчылар 2 жаранга кол салып, 300 миң доллар жана 56 млн. сом алып кетишкен

0
170

Күн мурун Бишкек шаарындагы Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчандар акча алмаштыруу жайынында иштеген 2 жаранга кол салып, 300 миң доллар жана 56 миллион сом акчаны алып кетишкен. 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Социалдык тармактарда тараган видеодо кылмышкерлер экөө болгон. Аларга каршылык көрсөтүлүп, бирок кийин шериктери жардамга келип, Ford Focus автоунаасы менен качып кетишкенин көрүүгө болот.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. «Перехват» планы жарыяланды.

 

Мурунку макалаКара-Кыз айылына таза суу киргизилди
Кийинки макалаАялын, кайын энесин сабаган деген адам камакка алынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз