Башкы бетке Министрлер кабинети Аялын, кайын энесин сабаган деген адам камакка алынды

Аялын, кайын энесин сабаган деген адам камакка алынды

0
170

Кара-Сууда аялы менен кайненесин таяк менен сабаган киши 7 суткага камалганын милициядан кабарлашты.

64 жаштагы аял тартип сакчыларына арыз менен кайрылып, күйөө баласы сабаганын айткан. Экспертиза анын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгенин аныктаган.

Шектүүгө карата “Ден соолукка атайылап анча оор эмес залал келтирүү” беренеси менен айып коюлган.

Ага каршы аялын да ур-токмокко алуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

2-декабрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 24 жаштагы келин кайрылып, жолдошу денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралат.

11-декабрда социалдык тармактарда көзү-башы көк ала болгон келиндин видеосу тараган. Ал тасмада күйөөсү аны жана апасын сабаганын айтып жатканын көрүүгө болот.

Мурунку макалаКаракчылар 2 жаранга кол салып, 300 миң доллар жана 56 млн. сом алып кетишкен
Кийинки макалаЖээнбек Кулубаев хорватиялык кесиптеши менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз