Башкы бетке Рубрикасы жок Жээнбек Кулубаев хорватиялык кесиптеши менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Жээнбек Кулубаев хорватиялык кесиптеши менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

0
159

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радмандын тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин жолугушуусу расмий кол алышуу аземи менен башталды. Андан соң министрлер тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйындар залына өтүштү. Мындан аркы сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта уланат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Хорватиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын иш сапарынын алкагында министрлер кыргыз-хорват кызматташтыгынын эки тараптуу кеңири чөйрөсүн талкуулашат.

Мурунку макалаАялын, кайын энесин сабаган деген адам камакка алынды
Кийинки макалаГимнди өзгөртүү боюнча комиссияга 8 депутат кирди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз