Башкы бетке Коом Гимнди өзгөртүү боюнча комиссияга 8 депутат кирди

Гимнди өзгөртүү боюнча комиссияга 8 депутат кирди

0
122

Гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Анын курамына сегиз депутат кирди: Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди.

Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын сунуштап, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек. Депутаттар эң ылайыктуусун тандап алышы зарыл.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү зарылдыгын билдирген. Төрага азыркы мамлекеттик символду ишке ашыруу кыйын деп эсептейт. Анын айтымында, гимн келерки жылдын апрелине чейин кабыл алынышы керек.

Мурунку макалаЖээнбек Кулубаев хорватиялык кесиптеши менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Кийинки макалаБакыт Төрөбаев Ысык-Атада кум жана шагыл өндүргөн заводдун ачылышына катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз