Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды

Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды

0
1141

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды.

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Айыл тургундары президентке ыраазычылык билдирип, бул мамлекет башчынын алардын калктуу конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешти.

Алардын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат.

Мындан тышкары, жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты, ал боюнча президент Садыр Жапаров президенттин Администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мурунку макалаПрезидент Кочкор-Ата шаарында «Нефтичи» стадионунун ачылышына катышты
Кийинки макалаБиз эч кимди аябайбыз. Бизге мамлекеттин келечеги керек – Садыр Жапаров

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз