Өткөн аптада “Ынтымак Ордодо” өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 90 мыкты студенттерине Президенттик стипендияларды Садыр Жапаров тапшырды. Сыйлыкка татыган ар бир студентке Президенттин “Мактоо баракчасы” жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия берилди. Алардын катарында студент Барсбек Айталиев да бар.
– Жылда бериле турган Президенттин стипендиясына кандайча катышып калдыңыз?
– Президенттик стипендияны алуу ар бир студенттин эң чоң кыялы десем жаңылышпайм. Өзүм Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетинде 4-курста окуйм. Көпчүлүк студенттер бул сыйлык жөнүндө 1-2-курстан тартып угуп, ага жетүү үчүн аракет кыла башташат. Мындай чоң сыйлыкка умтулуу деми менде мектептен эле башталган. Бирок, тоолуу аймактагы мектепте окугандыктан, бул максатка жетүү үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөр аз болчу. Университетке келгенден кийин алдымда андан да чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин сезип, 1-2-3-курстарда бардык сабактарды “эң жакшы” деген баага бүтүрдүм. Натыйжада, Президенттик стипендияга жолдомо алдым. Эң кызыгы, Президенттик стипендия үчүн документтерди тапшыруу процессине келгенде, конкурс өтөрүн кеч угуп, документтерди даярдоодо кечигип кала жаздагам.
– Ага катышуу үчүн да кандайдыр бир талаптар болсо керек…
– Бул сыйлыкка талапкер болуу үчүн эң биринчи шарт – бардык сабактардан жалаң гана “беш” деген баа алуу. Андан сырткары, ар тараптуу жетишкендиктер болушу зарыл. Мен дагы бул талаптардын ар бирине так жооп берүү үчүн талыкпай аракет кылдым. Сабактарымдан жалаң “беш» деген баа алып, шаардык, аймактык, республикалык деңгээлдеги интеллектуалдык сынактарга, илимий конференцияларга катышып, жеңүүчү болдум. Бул аракеттердин баары менин калыптанышыма жана Президенттик стипендиянын талаптарына жооп берүүгө зор жардам берди.
– Президенттин стипендиясын алууда агай-эжейлериңиздин да салымы бар чыгар?
– Ооба. Директорубуз Гүлсара Кенжеевна 1-курстан бери кулактандырып, сынактарга жөнөтүп, өзүнүн кеңештерин берип, мэрия, ректораттан келген сыйлыктарга мени көрсөтүп жатты. Ал эми биздин проректор Мастура Сайпидиновна республикалык «Билги» теле сынагына катышуума мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле ОшМУнун юриспруденция адистигиндеги бардык агай-эжекелерим өз колдоосун көрсөтүп жатышты. Учурдан пайдаланып, баарына терең ыраазычылык билдирем.
– Бул сыйлыкты Президенттин өз колунан алдыңыз. Ошондогу сиздин ички сезимдериңиз кандай болду?
– Сыйлык тапшыруу аземинде болгон сезимдеримди сөз менен жеткирүү оңой эмес. Канчалаган жолу эл алдына чыгып, ар кандай сынактарда, иш-чараларда өзүмдү эркин кармап көнүп калганым менен, Президенттин алдында таптакыр башкача абалда болдум.
Сыйлык алгандагы ички толкундануу – жашоодогу унутулгус көз ирмемдердин бири болуп калды.
– Алган стипендияны эмнеге коротом деп жатасыз?
– Алган стипендиям – мен үчүн эмгегимдин жемиши жана жакындарым менен бөлүшө турган чоң сыймык. Ал акчанын ар бир тыйыны өзгөчө мааниге ээ, анткени ал менин талыкпаган мээнетимдин натыйжасы.
Биринчи кезекте, стипендиямдын бир бөлүгүн билим алууга жумшап, контрагымдын жарымын төлөп коюуну чечтим. Бул кадам – билимге болгон урматымдын жана анын баалуулугун түшүнгөнүмдүн белгиси. Андан кийин, ата-энем менен үй-бүлөмө чакан белектерди алып бергим келет. Алардын колдоосу, мээрими жана тилектештиги болбосо, бул ийгиликтерге жетүүм кыйла кыйын болмок.
Асел Муса кызы, “Кыргыз Туусу”


