Башкы бетке Коом Бишкектеги темир жол бекетин сыртка көчүрүү боюнча жыйын өттү

Бишкектеги темир жол бекетин сыртка көчүрүү боюнча жыйын өттү

0
27
Бүгүн Бишкекте темир жолду борбордон сыртка чыгаруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Иш-чараны шаар мэри Айбек Жунушалиев алып барды.
Жолугушууда топтун мүчөлөрү Кыргызстандагы China Road And Bridge Corporation компаниясынын баяндамасын угуп, көчүрүүнү ишке ашыруу жолдорун карашты.
Аталган компания темир жолду жылдыруунун бир нече варианттарын көрсөтүштү.

Айбек Жунушалиев аларды изилдеп, долбоорду ишке ашыруунун планын даярдоону тапшырды.

Буга чейин мэрия темир жолду Түндүк айланма жолго параллелдүү өткөрүү вариантын жактырып жатканы маалымдалган.

Мурунку макалаБайсалов Бишкектеги Лениндин эстелиги ордунда каларын билдирди
Кийинки макалаЫсык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз