Башкы бетке Министрлер кабинети Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна жер көчкү түштү

Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна жер көчкү түштү

0
1452

Күн мурун 10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

“Буга байланыштуу жол каттам жабылган. Тазалоо иштери бүгүн, 11-май күнү “Чайна-Роуд” ишканасы тарабынан жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан пост уюштурулган.

Эскерте кетсек, ошол эле тилкеде 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган. Кошумча маалымат берилет.

Мурунку макалаПенсиялык жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө эки мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кийинки макалаКан басымы жогору айдоочулар каттамдан четтетилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз