Башкы бетке Рубрикасы жок Кан басымы жогору айдоочулар каттамдан четтетилди

Кан басымы жогору айдоочулар каттамдан четтетилди

0
1304

Бишкекте коомдук транспорттун кан басымы жогору болгон 5 айдоочусу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүгө алды.

Текшерүү учурунда эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталып, автобекеттин жетекчисине 35 миң сом айып салынды.

“Айдоочуларды каттамга чыгуунун алдында наркология бөлүмүнөн текшергенде 5 айдоочунун кан басымы жогору экендиги аныыталды. Алар коопсуздук үчүн убактылуу каттамга чыгуудан четтетилди”, — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаБалыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна жер көчкү түштү
Кийинки макалаНарында 4 жаштагы кыз изделүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз