Башкы бетке Коом Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

0
1587

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Ала-Тоо 24» телеканалына маек берип жатып айтты.

Министрдин маалыматына караганда, кызматкерлердин эң негизги көйгөйү маяна маселеси болчу.

«Мен кайда барбайын кызматкерлердин эң көйгөйлүү маселеси айлык маяна болчу. Буйруса энергетика кызматкерлери май айынын айлыгын мурдагыга салыштырмалуу 10-15%га жогору алышат. Биз муну менен эле токтобойбуз, айлык акы жылдан-жылга көтөрүлүп турат», — деди ал.

Мурунку макалаБишкекте С.Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри расмий жолугушту
Кийинки макалаЧүйдө “Америка ыр сынагы-2024” конкурсунун жарым финалы өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз