Башкы бетке Маданият Райондук маданият бөлүмдөрү заманбап үн күчөтүүчү аппаратуралар менен камсыздалды

Райондук маданият бөлүмдөрү заманбап үн күчөтүүчү аппаратуралар менен камсыздалды

0
1259
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү бардык райондук маданият бөлүмдөрүн акыркы үлгүдөгү музыкалык үн күчөтүүчү аппаратуралардын толук топтому менен камсыздады. Ар бир топтомдун баасы 939 210 сомду түзөт. Бул боюнча министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Аппаратуралар Президенти тарабынан маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен алынды.
Учурда аппаратуралар Чүй, Талас, Нарын, Ысык- Көл облустарына таратылып берилип, орнотулуп жаткан учур. Жакынкы күндөрү ушундай эле аппаратуралар Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарына жеткирилет.
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттин бюджетинин эсебинен аймактарга мындай толук комплектеги аппаратуралар алынган эмес.
Мурунку макалаБишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды
Кийинки макала196,2 млн. сомдук объект жана жер тилке мамлекетке алынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз