Башкы бетке Коом Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

0
1177

 Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен 2024-жылдын 4-апрелинен тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды.

Мэрия 28-марттагы катуу шамалдан келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16,7 млн. сомду түзгөнүн билдирди.

Жалпысынан 10 киши жабыркаган. 144 бак кулап, 13 автоунаа зыян тарткан, 101 объектинин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка имараттардын чатыры бузулган.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле жоюу үчүн Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

Мурунку макалаАялдарга ымыркайын беби-бокска таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт
Кийинки макалаРайондук маданият бөлүмдөрү заманбап үн күчөтүүчү аппаратуралар менен камсыздалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз