Башкы бетке Коом Аялдарга ымыркайын беби-бокска таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Аялдарга ымыркайын беби-бокска таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

0
1166

Аялдарга жашыруун төрөп, ымыркайын беби-бокска таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзөбүз. Бул туурасында Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Элвира Сурабалдиева буга чейин ымыркайларды ташталган жеринен тирүү таап жатышса, кечээ Сокулукта бирөөнүн сөөгү табылганын билдирди. Мындан улам ал өкмөттү беби-бокстарды уюштурууга чакырды.

“Балдарга жакшы түшүндүрүп жеткире албай жатат окшойбуз. Ким болбосун (төрөтканага) келсе төрөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Купуя болсун десе жашыруун кылып коёбуз. Анан беби-бокстарды сатып алып коюп койгула деп айттым эле, ошонун үстүндө иштейбиз”, — деди өкмөт башчы.

Беби-бокс — төрөтканада көз жарган аял өзү жөнүндө маалыматты жашырып, наристесин калтырып кетүүгө ылайыкталган ящик.

Мурунку макалаБир да коррупционерди колдогон эмеспиз — президент Жусупбек Коргонбай уулунун билдирүүсүнө комментарий берди
Кийинки макалаБишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз