Москвада тергөө жана сот иштеринде мекендештерибизге котормочулук кызматын аркалап келген Салтанат Митиева кыргызстандыктар кабылган ар түрдүү окуяларды социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялап келет. Алардын айрымдарын окурмандарга сунуштайбыз.
Белгилүү себептерден улам аты ачык аталбаган бир кыздын окуясын мындайча баяндап берген.
“Билесизби, мен бала болуп чоңоюп мээрим көргөн жокмун. Ата-энем иним экөөбүздү таякеме таштап, миграцияга кетишти. Эки жылда бир жолу, болгону бир айга келип турушчу, сегиз жашымда кеткен ата-энемди он сегизге чыккыча болгону он ай көрдүм. Кыргызстанга келгенде жанынан чыккым келбей, эркелегим келчү. Ата-энемдин мени эркелеткенге убактысы болбой, аш-тойдон, туугандардан бошочу эмес. Ата-энем бар туруп, мээримге зар болуп чоңойдум. Бой жеткен сайын алар мага жат адамдай боло баштады. Эч качан апам менен сырдашкан эмесмин, сырдашып, ийгиликтеримди айткым келчү. Сөз баштаганда “Мен иште элем, таякеңдин, тайжеңеңдин айтканын ук, иниңди жакшы кара”, – деп апам телефонду өчүргөнчө шашчу. Он сегизге чыкканымда өздөрү менен кошо Москвага алып келишти. Мээрим көрбөй чоңойгондуктан жат адамдай мамиле кылып, мээримди башка адамдардан издей баштадым. Алдандым, апама айткандан корктум, өз канымдан жаралган баламды өзүм өлтүрдүм. Мен түрмөгө түшкөндө апам “Сага эмне жетпейт, эч нерсеге муктаж болгон жоксун, атаң экөөбүз силер үчүн иштедик”, – деп айтаары менен “Мага сиздин мээримиңиз жеткен эмес, “Кызым кана айтчы, окууңда кандай жаңылык бар”, – деп саамайымдан сылаган колдоруңуз жетишкен эмес. Акча, кийим, эки кабат салган үйүңөрдөн жөнөкөй энелик мээрим мага бийик турган”, – деп айтаарым менен апамдын өксүп ыйлаганын көрүп, ата-энеме өчөшүп, башка адамдардан мээрим издегениме өкүндүм. Эмнегедир апамды аяп кеттим”…
P.S. Бул кыз сегиз жылга соттолуп, Владимир облусундагы аялдар абагынан Кыргызстанга которулуп кеткен.
Кан коё бербейт…
Акча үчүн айылдаш жеңесин өлтүрүп, 28 жылдан кийин 54 жашында кармалган кишинин окуясы мындайча болгон.
…1996-жылы Россиянын чекесиндеги шаарда биздин мекендештер соода кылып жүрүшкөн. 26 жаштагы жигиттин соодасы жакшы болбой, мекенге кайтайын десе акчасы жок, кур намыстанып, эмне кылсам деп ойлонот. Айылдаш агасынын үй алам, акча топтоп жатам деп айтканын эстеп, агасы товарга кеткенин, жеңеси жалгыз калганын билип, акча уурдайын деп арам ой менен агасы жашаган квартирага келет. Жеңесин өлтүрүп, акчаны уурдап изин жашырат. 2007-жылга чейин Казакстанда, Кыргызстанда жүрүп, бул арада үйлөнүп, бала-чакалуу болгон. «Кар жаады, из басылды», – деп, 2007-жылдан баштап Москвага келип иштеп жүргөн.
“Үйдү тоноп, аялымды өлтүрүп кетиптир” деген айылдаш агасы чыныгы канкордон күмөн санабайт. Быйыл 2024-жылы, арадан 28 жыл өттү, баары унутулду деп ойлоп, Сахарового барып анализ, жашыл карта алганы бармагынын изин тапшырат. Ошол бармак из 1996-жылы кылган кылмышкердин изи менен дал келип, кылмышкер Москвадан кармалып, СИЗОго киргизилди. Кан кое бербейт деп бекер айтылган эмес, бирөөнү арзыбаган акча үчүн өлтүргөн кылмышкер 54 жашында кармалды. Күнөөнү толугу менен мойнуна алып, кантип өлтүргөнүн көрсөткөн кылмышкер, мыйзам алдында, абийир алдында жооп берүүдө…
11 жылга камалган жигитке турмушка чыккан кыз
Кылган кылмышы үчүн 11 жылга эркинен ажыратылса да, сүйүү үчүн күрөшүп, 21 жаштагы кызга үйлөнгөн баланын окуясы.
“Салтанат эже ооз ачарга келиңиз, адрес берем, онлайн той болот”, – деп түрмөдөн бир бала чалып калды. “Ботом кандай той”, –десем, “Менин тоюм, келиниңиз менен таанышып, конок болуп кетиңиз”, – деп кайра-кайра айтканынан, макул болуп чайканага бардым. Баланын өкүл атасы, өкүл апасы, турмушка чыга турган кыз, эже, жеңеси болуп күтүп алышты.
Россиянын түрмөлөрүндө байланышканы атайын “зонателеком”, “фсинет” бар. Ал жактан видеозвонок кылса болот. Бала видео звонок кылды, иши кылса телефондон нике кыйылып, бата берилди. Баланын сүйлөшөр убактысы бүтүп, ал телефонду өчүрүп, той уланып атты.
“Кыздан жашың канчада?” – десем, 21де дейт. Бала 25 жашта. Экөө кыз-жигит болуп жүргөндө, бала камалып калат.Түрмөдөн чыгып үйлөнөйүн десе 11 жыл мөөнөт бар, ага чейин кыз турмушка чыгып кетет деп, кыздын ата-энесинин алдынан өтүп, эки тараптын ыраазычылыгы менен баш кошушту. Бул жерде сүйүү барбы же… деп аркысын таппай кечке ойлондум.11 жылга камалган балага турмушка чыгат белеңер?
Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»


