Башкы бетке Коом Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 3 млн. сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 3 млн. сом жеңилдетилген насыя берилди

0
1516

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 3 млн. сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорунун алкагында “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ААК тарабынан берилүүдө.

2024-жылдын 10-майына карата долбоордун алкагында 21 каржылоо субъекттерине 3 млн. сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Белгиленгендей, кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд. сом суммасын түзөт.

Мурунку макалаКөндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 29 миң кыргызстандыкты кесипке ээ кылды
Кийинки макалаЭнергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычы тапшырылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз