Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болду. Кыргызстандын улуттук курамасы биринчи болуп өттү.
Мелдештерде 89 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчулар күч сынашат: Армения, Австралия, Бангладеш, Барбадос, Беларусь, Кытай, Франция, Россия, Венгрия, Япония жана башка өлкөлөр.
Кыргызстандын курамасынын 180 спортчусу оюндун 18 түрү боюнча таймашат.


