Башкы бетке Коом Бишкек мэри Сауд Аравиядан келген делегация менен жолугушту

Бишкек мэри Сауд Аравиядан келген делегация менен жолугушту

0
394

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Сауд Аравия Королдугунан келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Калаа башчысы Сауд Арабиянын Инвестициялар министрлигинин Азия департаментинин директору Фейсал Ба Абдулла жана делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, иш сапары үчүн чын ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов жана мэрдин орун басары Рамиз Алиев катышып, тараптар түрдүү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы негизги тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Файсала Ба Абдулла Бишкек шаарынын жетекчилигине жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мурунку макалаЖалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн. сом айып салынды
Кийинки макалаАкылбек Жапаров: «Мындан ары өлкө «Акча бар» урааны менен жашасын»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз