Башкы бетке Рубрикасы жок Ташиев Базар-Коргондун тургунуна өздүгүн тастыктаган документтерди тапшырды

Ташиев Базар-Коргондун тургунуна өздүгүн тастыктаган документтерди тапшырды

0
286

Күн мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Акман айылынын 25 жаштагы тургуну Сыймык Алмазбек уулуна туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен паспортун берди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, бул тургун ушул күнгө чейин өздүгүн тастыктоочу документтерин ала албай жүргөнүн айтып, Камчыбек Ташиевге кайрылган болчу.

Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу документтерге ээ боло албай келген Сыймык Алмазбек уулунун эми өздүгүн тастыктоочу документтери колуна тийди. Камчыбек Ташиев ага мындан ары ак эмгектенип, жашоосун жакшы өткөрүүгө аракет кылуу керектигин айтып, ийгиликтерди каалады.

Мурунку макалаПрезидент Садыр Жапаров расмий сапар менен Венага барды
Кийинки макала“Менин үйүм” – эл үмүтү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз