Башкы бетке Коом Саламаттык сактоо министри Санкт-Петербургдагы дары өндүргөн заводго барды

Саламаттык сактоо министри Санкт-Петербургдагы дары өндүргөн заводго барды

0
132

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Санкт-Петербург шаарындагы неврологиялык дарыларды өндүргөн “Герофарм” заводуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, КМШга мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин 37-жыйынына катышкан КР делегациясынын иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана аны коштоп жүргөн адистер неврологиялык, эндокринологиялык жана офтальмологиялык ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектерди чыгарган Россиянын алдыңкы фармацевтикалык заводдорунун бири «Герофарм» заводуна барышты.

Делегациянын өкүлдөрү заводду кыдыруу менен заманбап өндүрүш жайларды, жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүш процессинде ишке ашырылган инновациялык чечимдер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө заводдун өкүлдөрү бардык этаптарда — дары-дармектерди иштеп чыгуудан баштап, аларды массалык түрдө чыгарууга чейин колдонулуп жаткан технологиялар жөнүндө кеңири айтып беришти.

Мурунку макалаЖК депутаттары “2024-жылдагы балдардын глобалдык тамактануусу” форумуна катышууда
Кийинки макалаЭл аралык бокс федерациясы Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар сыйлык берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз