Башкы бетке Экономика Кыргызстанда банктарга акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салынат

Кыргызстанда банктарга акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салынат

0
466

Кыргызстандын Улуттук банкы накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана калк үчүн санариптик төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган токтом кабыл алды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органынан билдиришти.

Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана төлөм уюмдарына Кыргызстандын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардарлардан комиссиялык сый акы алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынат.

«Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мурунку макалаКасымалиев менен Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору негизги долбоорлорду талкуулашты
Кийинки макалаДинмухамед БОКОШОВ: “Муктаж жарандарга 13 корпустан турган турак үйлөр курулду”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз