Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин ишин текшерди

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин ишин текшерди

0
495

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна барып, энергетика объектисинин иши менен таанышты.

МинКаб төрагасы борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен бирге ЖЭБдин бир катар объектилерин текшерди. Белгилей кетсек, ТВЕА компаниясы эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБи – өлкөнүн маанилүү энергетикалык объектилеринин бири экенин, борбор калаанын олуттуу бөлүгүн электр жана жылуулук менен камсыздап жатканын белгилеп, ЖЭБдин объекттеринин иштешин, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан ремонт иштерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Тиешелүү түзүмдөр менен болгон жолугушууда башка актуалдуу маселелер, анын ичинде Бишкек шаарындагы турак жайларды, социалдык жана башка объектилерди жылуулук тармактарына кошуунун жүрүшү талкууланды.

Мурунку макалаПрезидент футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгуу базасын ачты
Кийинки макала«Тынчтык жөнүндө» мыйзам долбоору III окууда кабыл алынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз