Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров жерлерди трансформациялоо жөнүндө айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизди

Садыр Жапаров жерлерди трансформациялоо жөнүндө айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизди

0
602

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 2-октябрында кабыл алынган. Демилгеленген мыйзам долбоорунда дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр каралган.

Мурунку макалаБоордош өлкөдөгү үч күн
Кийинки макалаСадыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин жыйынына катышат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз