Башкы бетке Рубрикасы жок Лейлек районунда 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Лейлек районунда 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

0
3495

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы курулуп жаткан 150 орундуу мектеп пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы сметалык баасы 84 млн. 516 миң 332 сомду түзгөн аталган объекти республикалык бюджеттин эсебинен жана Мамлекеттик казына облигациялары тарабынан каржыланган.

«Мектеп заманбап шартта курулуп, эки кабаттан турат. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, тапшыруу алдында турат», — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаБишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт
Кийинки макалаТалдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз