Башкы бетке Рубрикасы жок «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө”мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

«Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө”мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

0
1260

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 30-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасындагы нотариат иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын 1-беренесине ылайык “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктунун “б” пунктчасы жаңы редакцияда баяндалган, ага ылайык колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагы менен чектелген жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу лицензиялары дагы берилиши мүмкүн.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө толуктоо киргизүү каралган, ага ылайык аймактык колдонуу чөйрөсү боюнча лицензиялар төмөнкүдөй айырмаланат:

– Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө универсалдуу лицензия;
– Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө локалдаштырылган лицензия.

Мурунку макалаМелис Тургунбаев кызматынан бошотулду
Кийинки макалаДүйнө чемпионаты – 2026: Үчүнчү тандоо туруна чүчүкулак тартылат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз