Башкы бетке Рубрикасы жок 300 миңдей жаңы окуу китептери басылып чыкты

300 миңдей жаңы окуу китептери басылып чыкты

0
464

Мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги чоң көйгөй бойдон калууда. Мындан улам республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 5 жаңы окуу китептери жарык көрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу китептери «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында 285 миң 630 нускада басылып чыкты.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

  • русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);
  • русский язык, 8-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

  • кыргыз тили, 7-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);
  • кыргыз тили, 8-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);
  • русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).

Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджетте билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 млн сом кошумча бөлүнгөн.

Мурунку макалаГерманиялык компания Кыргызстанда бетон завод курат
Кийинки макалаАкжол Махмудов: «Машыктыруучулардын кызматтан кетиши мен үчүн күтүүсүз болду»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз