Башкы бетке Коом Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

0
3703

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Азыркы тапта жеринде №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жаткандыгы айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулар алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүсү зарыл.

Мурунку макалаЛейлек районунда 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет
Кийинки макалаЫсык-Көлдө ойлоп табуучулардын эл аралык жаштар форуму өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз