ӨКМ 23-июлдан 26-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр жаай турганын билдирди. Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экени эскертилди.
Министрлик төмөндөгү эрежелерди сактоого чакырган:
-арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
-турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
-үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;
-сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
-мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.


