Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.
ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестор бөлгөн. Өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү.
Президент Садыр Жапаров “Токтогул” ГЭСинин экинчи агрегатын жана “Үч-Коргон” ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргизүү пландаштырылганын билдирди.
“Исфайрам-1”, “Белес”, “Авлетим”, “Лейлек”, “Курак-Тектир”, “Адын-Үңкүр”, “Буйга”, “Кожо-Кайыр”, “Кара-Жыгач”, “Ленинполь” жана “Аманат” ГЭСтери да ишке кирүү алдында турат. Аталган ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болот.
Президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун да айтып, ага инвесторлор табылганын, суу байлыгын туура, үнөмдүү пайдалануу менен жакынкы келечекте өлкө өндүргөн электр энергияны экспорттоп баштай турганын белгиледи.


