Башкы бетке Рубрикасы жок Музтөр жайлоосунда сүт чогултуу пункт ачылды

Музтөр жайлоосунда сүт чогултуу пункт ачылды

0
813

Суусамыр өрөөнүндөгү Музтөр жайлоосунда сүт чогултуу пункт ачылды. Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган жайга барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, бийик тоолуу шартта Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун колдоосу менен 3 тонналык муздаткыч танкер жана 2 тонналык сүт ташуучу цистерна орнотулуп, сүт өндүрүүчүлөр жамааты түзүлдү.

«Малчыларыбыз жай мезгилинде уйларын алыскы жайлоолордо багып, сүттү чогултуп, аны Талас шаарына чейин 120 чакырымдан алыс аралыкка ташып баруу сүттүн сапатын төмөндөтүп, өндүрүүчүлөрдүн кирешесин азайтып келген. Эми муздаткыч танкер жана сүттү сактоо жана ташуу үчүн цистерналар малчыларыбыздын түйшүгүн кыйла жеңилдетет», — деп белгиледи.

 

Мурунку макалаСадыр Жапаров Сузак районунда «Көк-Арт» чакан ГЭСин ачты
Кийинки макалаБакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын жыйынын өткөрдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз