Башкы бетке Коом Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

0
3676

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбой турганын «Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштырууга жана жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышын жоюуга байланыштуу 6-майдан 8-майга чейин ЧЧК, Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Мурунку макалаБакай-Ата районунун Ынтымак айылында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады
Кийинки макалаЛейлек районунда 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз