Башкы бетке Коом Бишкекте №24 мектеп-гимназиясынын 100 жылдыгы белгиленди

Бишкекте №24 мектеп-гимназиясынын 100 жылдыгы белгиленди

0
434

Күн мурун Токтоболот Абдумомунов атындагы театрда №24 мектеп-гимназиясынын 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага калаа башчысы Айбек Жунушалиев катышып, №24 мектептин педагогикалык жамаатын кылым карыткан мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн келечек муундарын тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө эмгек ардагерлерине жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган көргөзмө уюштурулуп, окуучулар музыкалык номерлер менен концерт тартуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Жунушалиев борбор калаадагы мектепке санариптик лабораториянын сертификатын тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Аалы Токомбаев атындагы №24 мектебинде 134 педагог эмгектенип, 3 миң 998 бала билим алууда.

Мурунку макалаЖарандарды жабыркаткан каттам көйгөйү
Кийинки макалаКылым кырындагы кыргыз журналистикасы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз