Бишкек шаардык мэриясы автобекеттерди шаар четине чыгарып, Ысык-Көл, Нарын тарапка кеткен маршруттар Алма-Ата жана айланма жолдун кесилишиндеги жаңы автобекетке көчсө, Батыш тарапка кеткендер жаңы ипподромдун жанына көчүрүлгөн.
Өткөн жумадан баштап тосмодогу (шлагбаум) аялдамадан бардык кичиавтобустар шаар сыртына чыгарылды. Эми Кара-Балта, Сокулук тараптан Бишкекке каттап иштегендер жумушка келип кетүү үчүн бир нече жолу автобус алмаштырууга туура келүүдө. Ошону менен Сокулук же Кара-Балтага жетип алуу үчүн алгач №40, №13, №19 автобустар менен жаңы автобекетке баруу керек. Андан ары өзүнчө маршруткага отурасың.
Карапайым калктын капчыгын ойлободук…
Бишкек шаардык мэриясы бул кадамы менен жол тыгындарын азайтууну көздөп жатканы ырас. Балким, кандайдыр бир деңгээлде тыгындар да азайып калган чыгар. Анткен менен маршруткаларды шаардын сыртына чыгарууда карапайым калктын капчыгын ойлободук.
Мисалы, шаардын бир четинде иштеген адам үйүнө баруу үчүн биз жогоруда айткан автобустар жүргөн жолго чейин чыгып, андан ары вокзалга барып, анан үйүнө кетчү маршруткага отурат. Ошондо бир адам жумушка барып келүү үчүн жол киреге эле орточо 140 сом коротот. Ал эми бир үй-бүлөдөн 2-3 киши шаарга келип кетип иштеп, окуса алардын үй-бүлөлүк бюджетине канчалык таасир этээрин өзүңүз ойлоп көрүңүз.
Сокулук – Бишкек багыты боюнча автобус каралган эмес
Биз Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаментине: Сокулук – Бишкек багыты боюнча автобус жүргүзүү планда барбы же жокпу? Шаарга чейин келбесе деле жол кирени болгону 5 сомго арзандатышыптыр. Муну көзөмөлгө алса болобу? – деген суроолор менен кайрылдык.
“Батыш автобекети жабылганына байланыштуу жаңы Ак-Кула ипподромунун жанына убактылуу көчүрүлгөн. Бишкек – Сокулук каттамдары ошол жерде жайгаштырылган. Тариф маселесин Бишкек шаардык мэриясы карабайт, анткени каттам Чүй облусунун Сокулук райондук администрациясы тарабынан көзөмөлдөнөт жана каралат. Транспорт департаменти тарабынан жол кире акысын азайтуу боюнча Сокулук райондук администрациясына кат жөнөтүлгөн. Ал эми Бишкек – Сокулук багыты боюнча автобус жүргүзүү маселеси Бишкек шаардык мэриясы тарабынан каралган эмес”, – деп жооп беришти.
Айдоочуларга ыңгайлуу болдубу?
Кичи автобустардын шаар четине чыкканы анын айдоочулары үчүн ыңгайлуу болду окшойт. Анткени, эртең менен жана кечкисин жол тыгындарына кабылып жүргөн айдоочулар үчүн эми андай көйгөй жаралбайт.
Мурда Сокулук – Бишкек каттамында жол акысы 35 сом болсо, жаңы автобекетке көчкөнү жол кирени болгону 5 сомго арзандатышкан. Дээрлик 13 чакырым аралыкты кыскартып жатышса да, жол акысын болгону 5 сомго арзандатканы уят го?
Биз Сокулук – Бишкек багыты боюнча каттаган айрым айдоочулар менен жол тыгынынан кутулуп, ишиңер жеңил болуп калса керек деп кызыгып сурап көрдүк. Алар тескерисинче тыгын учурунда көп киши болоорун, азыр орундуктар гана толуп кирешеси азайып калганын айтышты. Ошондой эле тийиштүү кызматтын өкүлдөрү автобекеттин жерин кеңейтип атайын техника менен тегиздеп жатышыптыр.
Таксисттердин “ити чөп жеп” калды
Маршруттук каттам шаар сыртына чыгарылары менен жергиликтүү таксисттердин күнү тууду. Алар Сокулуктун тургундарын 100-150 сомдон, Ал эми андан ары көздөй кетчүлөрдү 150 сомдон жогору ташый башташты. Кечинде жумуштан чарчап чыккандар маршруттук каттам каттаган ипподромго барганча көп убакыт кеткендиктен, аргасыздан 100 сом төлөп үйүнө кетип жатышат.
Ошол эле учурда айрым маршруттун айдоочулары кечкисин жарандарды 50 сомдон деле салып кетип жатканына дагы күбө болдук.
Эртең менен Сокулук тараптан жеңил унаа менен чыккандар жолдо турган кишилерди 50 сомдон сала келишүүдө. Албетте, улам маршрутка которо бергенден көрө түз эле шаарга мындай машиналар менен келип алган жакшы. Бирок, дайыма эле такси менен жүрө берүү да чөнтөккө туура келбейт.
Маршруттук каттамдын айдоочуларынын айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалы гынын өкүлдөрү айдоочуларга кимде-ким – тосмо (шлагбаумдан) же Ош базары жактан киши салып кете турган болсо 10 миң сом өлчөмүндө айып пул жазыла турганын эскертишкен.
Тосмодогу аялдаманы кечкисин барып байкоо салып көрдүк. Чынында таксисттер 100-150 сомдон киши салып жатканына күбө болдук. Анткен менен биз барган учурда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери аялдаманын алдына таксисттерди тургузбай, аларды кууп жатканын көрдүк.
Эл эмне дейт?
Маршруттук каттамдардын шаар сыртына чыгарылышы боюнча элдин пикирин угуп көрдүк. Өзүн Лира Омаралиева деп тааныштырган айым Сокулук районунун Зууракан Кайназарова көчөсүндө жашаарын, шаарга күндө келип кетип иштей турганын, айла жок 100 сомго такси менен кетип жатканын айтты.
– Сокулукка маршрутка жок, тосмодо (шлагбаум) 100 сомдон таксилер каттап жатышат. Маршруткалар каттаган жерге автобус менен барайын десек автобуска батпайбыз. Айла жоктон 100 сом менен кетүүгө туура келип жатат. Анысы аз келгенсип, өздөрүн мэриянын кызматкерлерибиз деп тааныштыргандар таксисттерди дагы тургузбай кууп жатат.
Сокулук районунун Романовка айылынын тургуну Мая Абдылдаева тосмодо (шлагбаум) дүкөн иштетет. Ал кечкисин дүкөнүн жаап чыккандан
кийин жаңы автовокзалда маршруткалар токтоп калып жатканын мындайча айтып берди.
– Мен өзүм дүкөн иштетем, жумуштан кеч чыгам. Өткөндө жаңы автовокзалга саат 22:00 чамасында барсам бир дагы маршрутка, такси жок экен. Ошентип, жол тосуп жатып араң жеттим үйгө. Маршруткаларды шаар сыртына чыгарып салган соң, Сокулук – Бишкек багытында экспресс автобустарды жүргүзүп коюшса жакшы болмок. Кечкисин 21:00гө чейин кеткендер эптеп такси таап 100 сомдон кетип жатышат. Андан кийин 150 сом десе да кетип жатабыз.
Сокулук районунун Октябрь айылынын тургуну катары өзүн тааныштырган Мила Джамашева айым бизге буларды айтып берди.
– Айылдан Сокулуктун борборуна чейин 50 сом менен келебиз. Жаңы автобекетке чейин 30 сом, кайра шлагбаумга чейин 20 сом. Бул үйдөн жумушка келгенге чейинки эле чыгым. Кайра кеткенде кечкисин 100 сом менен кетип жатабыз. Себеби, кечки тыгында автобекетке чейин барчу автобустарга киши батпайт. Анын үстүнө автобекетке кечирээк барып калсаң андан ары маршруткалар токтоп калууда. Бизге экспресс автобус жүргүзүп берсе жумушка дагы кечикпей келет элек.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”


