Башкы бетке Коом Дыйкан-фермерлерге 4,6 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Дыйкан-фермерлерге 4,6 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя берилди

0
33

Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоорунун алкагында 19-декабрга карата жалпы 2 категория боюнча 4 млрд. 661 млн. 323 миң сомго 11 миң 655 сом насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 479 млн. 40 миң сомго 1 437 насыя берилди:

банктар боюнча алганда:

– «Айыл Банк» ААК – 236 млн. 460 миң сомго 720 насыя;

– «Элдик Банк» ААК – 241 млн. 580 миң сомго 717 насыя.

Ал эми мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 4 млрд. 182 млн. 283 миң сомго 10 миң 218 насыя берилди:

банктар боюнча алганда:

– «Айыл Банк» ААК – 2 млрд. 41 млн. 58 миң сомго 5 047 насыя;

– «Элдик Банк» ААК – 2 млрд. 141 млн. 225 миң сомго 5 171 насыя.

Мурунку макалаУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов каза болду
Кийинки макалаЭмгек министри БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз